Бишкектеги Ак-Марал көчөсүнө асфальт төшөлүүдө

Коом 28 июль 2025 16:45
1753697948.jpeg
1753697943.jpeg
1753697937.jpeg
1753697965.jpeg
1753697932.jpeg
1753697960.jpeg
Алдыга
Артка
1753697948.jpeg
1753697943.jpeg
1753697937.jpeg
1753697965.jpeg
1753697932.jpeg
1753697960.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 28.07.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын аймагындагы жолдорду жана тротуарларды капиталдык оңдоо иштери уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Ак-Марал көчөсүн капиталдык оңдоо иштери Чортеков көчөсүнөн Шералиев көчөсүнө чейинки узундугу 750 погон метр болгон тилкеде башталды.

Бүгүнкү күндө эски катмарын алып салуу, жолдун негизин пландаштыруу жана топуракты ныктоо боюнча иштер жүргүзүлдү. Тирөөчтөр жылдырылып, тротуар мыйзамсыз курулуштардан бошотулду. Ирригация тармагы орнотулду.

Учурда жолчулар жолго асфальт төшөй башташты. Ысык асфальт-бетон аралашмасын төшөп бүткөндөн кийин жаңы жол белгилери орнотулат жана тиешелүү жол чийиндери чийилет.