Бишкектеги №67 мектепке Темиркул Үмөталиевдин ысымы ыйгарылды

Коом 16 апрель 2025 12:50
1744782621.jpeg
1744782621.jpeg
1744782627.jpeg
1744782636.jpeg
1744782641.jpeg
1744782663.jpeg
1744782669.jpeg
1744782674.jpeg
Алдыга
Артка
1744782621.jpeg
1744782621.jpeg
1744782627.jpeg
1744782636.jpeg
1744782641.jpeg
1744782663.jpeg
1744782669.jpeg
1744782674.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 16.04.25. /Кабар/. Күн мурун Бишкектеги №67 орто мектебинде Темиркул Үмөталиевдин ысымын ыйгарууга арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага улуу акындын үй-бүлөсү, кызы Чынара Үмөталиева, Свердлов райондук билим берүү башкармалыгынын бөлүм башчысы Ж.Абдыжапарова, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын бөлүм башчысы Алфия Супатаева, акын Тынчтыкбек Нурманбетов, Бишкек шаарынын райондук билим берүү башкармалыгынын адистери, кыргыз тили жана адабияты мугалимдери катышты.

Иш-чаранын катышуучулары акындын жаркын элесине арналган чакан музей жана сүрөт көргөзмөсү менен таанышып, каалоо-тилектерин айтышты.

Иш-чаранын экинчи бөлүгү кыргыз тили жана адабияты мугалимдери үчүн шаардык семинар менен уланды. Катышуучулар №67 орто мектебинин мугалимдеринин иш тажрыйбасы менен таанышып, алардын ишмердүүлүгү боюнча маанилүү маалыматтарды алышты.