Бишкектеги №56 мектептин имараты толук оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

Коом 359 20 Июль 2026 16:40
749316485_2165580167730298_9063499868720822906_n.jpg
749330111_886622801180171_5199736494951746345_n.jpg
753488237_2042068023055516_1244733164877167141_n.jpg
Алдыга
Артка
749316485_2165580167730298_9063499868720822906_n.jpg
749330111_886622801180171_5199736494951746345_n.jpg
753488237_2042068023055516_1244733164877167141_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек, 20.07.26. /Кабар/. Бишкек шаарында №56 муниципалдык орто жалпы билим берүү мектеби капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүнкү күндө объектте демонтаждоо иштери, ага чектеш аймакты кайра пландоо, ошондой эле имараттын фасадында металл негиздерин орнотуу жана башка курулуш-монтаж иштери жүргүзүлүүдө.

Долбоордун алкагында Бишкек шаарынын мэриясы мектепке комплекстүү капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүп, окуучулар үчүн заманбап, коопсуз жана ыңгайлуу билим берүү шарттарын түзөт.

Курулуш иштерин "Евразия Строй" ЖЧКсы жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, мектеп 1971-жылы курулуп, 800 окуучуга ылайыкталган. Окуучулардын санынын көбөйүшүнө байланыштуу 1989-жылы негизги имаратка кошумча 600 орунга ылайыкталган окуу корпусу курулган.