Бишкектеги 46 мектепте лагерлер уюштурулат

Коом Загрузка... 14 Май 2025 16:50
1747216829_large.jpeg
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 14.05.25. /Кабар/. 2-июндан 27-июнга чейин Бишкек шаарында 46 мектепте 4450 баланы камтыган мектеп алдындагы лагерлер уюштурулат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, лагерлер саат 8:00дөн 14:00гө чейин 20 күн бою иштейт.

Мектеп алдындагы лагерлерде балдар ийримдерде жана спорттук секцияларда машыгууга мүмкүнчүлүк алышат.

Иш-чаралар балдардын толук кандуу өнүгүүсүн, алардын коопсуздугун жана жайкы эс алуу учурундагы ыңгайлуулугун камсыз кылуунун алкагында уюштурулат.