Бишкектеги №42 мектептин курулушу уланууда

Коом 20 июль 2026 15:15
WhatsApp Image 2026-07-20 at 15.08.13.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-20 at 15.08.18.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-20 at 15.08.27.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-07-20 at 15.08.13.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-20 at 15.08.18.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-20 at 15.08.27.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 20.07.26. /Кабар/. Бишкек шаарындагы №42 мектептин курулушу 48 пайызга аяктады. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштери 2026-жылдын март айында башталган.

Жаңы мектеп заманбап талаптарга ылайык салынып, 384 окуучуга ылайыкталган. Жалпы аянты 3 436 чарчы метрди түзөт. Учурда дубалдарды кыш менен тургузуу жана имараттын ички жасалгалоо иштери жүрүүдө.

Мектеп пайдаланууга берилгенден 800гө жакын окуучу билим алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Белгиленгендей, бул долбоор президенттин тапшырмасынын негизинде мектептердеги орун тартыштыгын жоюуга багытталган.