Бишкектеги №33 мектепте “Даңк аллеясы” пайда болот

Коом Загрузка... 11 Апрель 2025 11:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкекте, 11.04.25. /Кабар/. Күн мурун  Бишкек шаарындагы №33 орто мектепте Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата “Даңк аллеясына” мезгил кутусун салуу салтанаттуу аземи  өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чаранын алкагында мектептин тарбиялануучулары тарабынан  Улуу Ата Мекендик согуштун даңазалуу жоокерлеринин урматына  көчөт отургузулуп, мектептин окуучулары даярдаган концерттик программа тартууланды.

Белгилей кетсек, №33 орто мектептин имаратында Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында  Самибек Абазович Игембердиев, Василий Петрович Петрищев, Сергей Михайлович Извеков, Анатолий Васильевич Писаренко, Кемель Токаевич Токаев, Рахимжан Кошкарбаевич Кошкарбаев билим алышкан.