Бишкектеги №100 мектепте Жеңиш музейи ачылды

Коом Загрузка... 24 Февраль 2025 15:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 24.02.25. /Кабар/. Бишкек шаарындагы №100 Байдылда Сарногоев атындагы мектепте Жеңиш музейи ачылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, музейге коюлган ар бир буюмдун баа жеткис орду, тарыхы бар. Мектеп директору келген конокторго жаңы музейди көрсөтүп, андан кийин иш-чара жыйындар залында уланды.

Иш-чаранын катышуучулары жылуу пикирлерин билдирип, музей өсүп келе жаткан муун үчүн кыргыз элинин тарыхын изилдөөгө жана сактоого чоң салым кошуп жатканын белгилешти.

Өз кезегинде согуштун ардагерлерине концерттик программа тартууланды.

Жеңиш музейин ачуунун максаты - баатырларыбызды эскерүү, Улуу Ата Мекендик согушта жасаган эрдиктерин түбөлүккө калтыруу.