Бишкек, 08.08.25. /Кабар/. Бишкек шаарындагы №4 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, "Спорт комплекси" мамлекеттик ишканасы жана Социалдык фонддун Октябрь райондук башкармалыгына кошумча заманбап пандустар орнотулду.
Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн шаар мэри Айбек Жунушалиев жана “New Age” коомдук фондунун төрагасы Аскар Турдугулов №4 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда орнотулган жаңы пандусту жеринде көрдү.
Борбор калаа башчысы бардык чарба жүргүзүүчү субъекттерди өз аймактарына белгиленген үлгүдөгү пандустарды орнотууга чакырды.
Ошондой эле мэр үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун аймагын көрүп чыгып, имараттын фасадын иретке келтирип, кафель төшөлгөн тепкичтерин алмаштырууну тапшырды.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө 10 жерге заманбап стандарттарга жооп берген пандустар орнотулган:
- Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы;
- Улуттук госпиталь;
- «Сейтек» балдар жана өспүрүмдөрдүн улуттук борбору;
- Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи;
- Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз опера жана балет театры;
- К.Баялинов атындагы Республикалык балдар жана өспүрүмдөр китепканасы;
- Чүй облустук Ш. Термечиков атындагы драм театры;
- №4 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
- «Спорт комплекси» мамлекеттик ишканасы (МСК);
- Социалдык фонддун Октябрь райондук башкармалыгы .