Бишкек, 24.06.25. /Кабар/. "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасында автобус айдоочулары менен жыйын болуп өттү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйынга Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын өкүлдөрү жана ишкананын кызматкерлери катышты.
Жыйында рейддик иш-чаралардын жыйынтыгы жана тартип комиссияларынын чечимдери тууралуу маалымат берилди.
Алсак, 1-январдан 18-июнга чейин тартип комиссияларынын чечимдеринин негизинде:
- 404 айдоочу 20% сый акыдан ажыратылып, сөгүш берилген;
- 733 айдоочу жумуштан алынган жана кара тизмеге киргизилип, мындан ары муниципалдык транспорт тармагында иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес.
Ошондой эле жыйында жол кыймылынын эрежелерин сактоо жана жол кырсыктарынын алдын алуу маселелери талкууланды.
Жыйындын жыйынтыгында айдоочулар тарабынан жол эрежелерин сактоо боюнча көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы берилди.