Бишкек, 22.10.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө боюнча БУУнун мекемелер аралык максаттуу тобу менен биргеликте даярдаган инвестициялык негиздеменин бет ачары өттү.
Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев, Экономика жана коммерция министрлигинин, Финансы министрлигинин, Мамлекеттик салык кызматынын, БУУнун агенттиктеринин жана өнүктүрүү боюнча өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү катышууда.
Бет ачар ДССУнун Кыргызстандагы жугуштуу эмес оорулар стратегиясын илгерилетүүгө жана коомдук ден соолукту биринчи медициналык-санитардык жардам (БМСЖ) системасына интеграциялоого багытталган миссиясынын алкагында өттү.
Белгилей кетсек, жугуштуу эмес оорулар — жүрөк-кан тамыр оорулары, онкологиялык, диабет жана өнөкөт респиратордук оорулар өлкөдөгү бардык өлүмдөрдүн 83 пайыз себеби болуп саналат. Алардан жыл сайын келтирилген экономикалык зыян 29,8 млрд сомго бааланат, бул ИДПнын 4,8 пайызын түзөт.
Мындан тышкары, жаңы инвестициялык негиздемеге ылайык, профилактикалык эффективдүү чараларга салынган ар бир сом 15 жыл ичинде 10 сомдон ашык экономикалык пайда алып келип, 87 миңден ашуун адамдын өмүрүн сактап жана 34,4 миллиард сомдук эмгек өндүрүмдүүлүгүн калыбына келтирет.