Бишкек 21.04.25 /Кабар/. Күн мурун Бишкектеги Э. Гареев атындагы Ботаникалык бакта көрүнүктүү окумуштуу Кайыркул Шалпыковдун жаркын элесине арналган жоогазын фестивалы өттү.
Иш-чарага Жогорке Кеңештин депутаттары, Туркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган, Гапар Айтиев атындагы музейдин жетекчилери жана кызматкерлери, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрликтеринин өкүлдөрү, Шалпыковдун үй бүлөсү, жакындары, кесиптештери жана шаар тургундары катышты.
Фестивалдын жүрүшүндө жоогазындар тууралуу көптөгөн кызыктуу фактылар айтылып, элге алардын мааниси кеңири түшүндүрүлдү. Жаштар жоогазынды сүрөт тартып, улгайгандар гүлзарда сейилдеп, табият менен жакын болууга мүмкүнчүлүк алышты.
Биология илимдеринин доктору Ишенбай Сооронбековдун айтымында, жоогазындын өзүнүн нукура аты мандалак. Өлкөдө мандалактын 11 түрү кызыл китепке киргизилген.
“Себеби, мандалак сулуулуктун, акыйкаттууулуктун, чынчылдыктын символу болуп саналат”,-деди ал.
Белгилей кетсек, саамалык жоогазын гүлдөрүнүн кооздугун гана эмес, алардын сейрек кездешүүчү жана коргоого алынуучу өсүмдүк экенин дагы бир жолу эске салды.