Бишкекте жол кырсыгынан 23 жаштагы айдоочу мерт кетти

Кырсык Загрузка... 17 Март 2026 11:30

Бишкек, 17.03.26 /Кабар/. 16-март күнү кечинде Бишкек шаарында жол кырсыгы катталып, айдоочу каза тапты. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, 2001-жылы туулган Ж. И. Ж., Chevrolet Camaro үлгүсүндөгү унаасы менен Шабдан баатыр көчөсүндө батышты көздөй бара жатып, рулга ээ боло албай жол жээгиндеги бордюрду, андан соң бакты сүзүп, аласалып кеткен.

Айдоочу кырсык болгон жерде каза болгон. Ал эми жанындагы жүргүнчү №4 шаардык ооруканасына жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Анын акыреги, далысы, бел омурткасы сынып, бет жана кулак тарабынан жаракат алган.

Автоунаа айып токтотуучу жайга киргизилип, учурда бардык тиешелүү соттук-укуктук экспертизалар жүргүзүлүүдө.