Бишкек, 21.05.25. /Кабар/. Бишкекте жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнүн республикалык кароо-сынагы өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу билдирди.
Ал маалымдагандай, иш-чара 23-майда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде уюштурулат. Сынакка жети облустан келе турган жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү катышат.
“Жарандар жана айдоочулар арасында түшүндүрүү, үгүт-насаат иштерин жүргүзүүгө көмөктөшүп келген мектеп окуучуларынан түзүлгөн жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү бар. Саналуу күндөн кийин Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнүн республикалык кароо-сынагы өткөрүлөт. Иш-чарныа Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Агартуу министрлиги менен биргеликте уюштуруп жатат. Сынак жол кырсыктарын алдын алуу максатын көздөйт. Ошондой эле коомчулукка, айрыкча өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктары боюнча үгүт-насаат иштери жүргүзүлөт. Каалоочулар иш-чараны көрүүгө келсе болот”, - деп белгиледи ал.