Бишкекте жол куруу иштери 20-октябрга чейин толук аяктайт - Жанболотов

Коом Загрузка... 01 Сентябрь 2025 10:40
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 01.09.25. /Кабар/. Бишкекте жол куруу иштери 20-октябрга чейин толук аяктайт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Абдыжапаркул Жанболотов “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирди.

Анын айтымында, быйылкы жылга Бишкек шаарында 15 көчөнү оңдоп-түзөө планга киргизилсе анын 7 көчөсүндө жумуштар аяктап, 5 көчө толук кандуу ачылды.

“Бишкек шаарында жазында жабылган Жибек Жолу, Курманжан датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин эки тараптуу көчөнүн оңдоо иштери толук кандуу аяктап, эки тараптуу ачылды. Экинчиси Жаш Гвардия көчөсүнүн Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек Жолу көчөсүнө чейинки эки тараптуу көчөнүн ремонт иштери аяктап, пайдаланууга берилди. Андан тышкары, Фучик көчөсүнүн Жаш Гвардияга чейинки Москва көчөсү эки катмар асфальт төшөлүп, жаңыланды. Эң чоң Медеров көчөсү 7-апрелден Панфилов көчөсүнө чейин ремонт иштери бүтүп ачылды. Булардын бардыгы 100 пайыз бүтүп, ачылган көчөлөр”,- деди Абдыжапаркул Жанболотов.

Андан тышкары, мурунку Чүй көчөсү азыркы Шабдан Баатыр көчөсүн 7-апрелден Лермонтовага чейинки тилкесинин түндүк жак бөлүгү гана оңдолгондугун Жанболотов кабарлады.

“Себеби, Бишкек жылуулук тармагы көчөнүн алдындагы түтүктөрүн оңдоону кийинки жылга пландаштыргандыктан, жолду оңдоо да кийинки жылга калтырылды. Жер алдындагы Бишкек жылуулук тармагынын түтүктөрү оңдолгондон кийин жол ондолот. Учурда жүрүп жаткан иштерибизди айта турган болсок, 20 жылдан бери оңдоло элек Лев Толстой жана 2004-жылы салынган Дэн Сяопин көчөсү жабылып, оңдолууда”,- деди ал.