Бишкекте жол коопсуздугун жакшыртуу маселелери талкууланды

Коом 11 октябрь 2025 15:29
11.jpg
WhatsApp Image 2025-10-10 at 19.43.53 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-10-10 at 19.43.54 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-10-10 at 19.43.54 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-10-10 at 19.43.54.jpeg
Алдыга
Артка
11.jpg
WhatsApp Image 2025-10-10 at 19.43.53 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-10-10 at 19.43.54 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-10-10 at 19.43.54 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-10-10 at 19.43.54.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 11.10.25. /Кабар/. "Бишкек шаардык транспорту" муниципалдык ишканасында автобус айдоочулары менен жыйын өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Иш-чаранын алкагында акыркы үч айдагы ишмердүүлүк боюнча отчет берилип, ошондой эле айдоочулардын эмгек шарттарын жакшыртуу жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга багытталган чаралар белгиленди.

Айдоочуларга жол кыймылынын негизги эрежелери, аялдамаларда туура токтоо тартиби эскертилди, ошондой эле жүргүнчүлөргө сылык жана жоопкерчиликтүү мамиленин маанилүүлүгү белгиленди.

Мындан тышкары, жол кыймылынын эрежелерин бузуу учурлары талкууланып, аларды алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер каралды.

Жыйындын жыйынтыгында коомдук транспорттун коопсуздугун камсыз кылууга жана жүргүнчүлөргө кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган конкреттүү тапшырмалар берилди.