Бишкек, 12.09.25. /Кабар/. Бишкекте жол четиндеги унаалар тазаланып, тыгын азаюуда. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Анда белгиленгендей, бүгүнкү күндө борбор калаанын 16 көчөсүнүн айрым бөлүктөрүндө жолдорду оңдоо иштери кызуу жүрүүдө. Бул иштер шаар аймагында айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жүргүзүлүүдө. Ошол эле учурда оңдоо иштеринен улам убактылуу жол тыгындары жаралууда. Бул көрүнүш күтүлгөн жана убактылуу гана көрүнүш.
Жогорку Кеңештин жыйынында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары тарабынан “жол тыгындары азаюуда” деген билдирүүсү негизинен шаардагы айрым аймактарда, тактап айтканда, Аламүдүн жана Ош базарларынын тегереги, чоң соода борборлордун алдындагы жана аялдамалардагы туура эмес токтотулган унааларды эвакуациялоо иштерине байланыштуу болгон.
Эвакуаторлордун жардамы менен мыйзамсыз токтотулган унаалар жол четтеринен тазаланып, ошол аймактарда гана жол тыгындары азайып жаткандыгын башкы башкармалыктын орун басары белгилеген.
"Жалпысынан алганда, шаарыбыздагы бир катар көчөлөрдө жүрүп жаткан оңдоо иштери жол кыймылына убактылуу ыңгайсыздык жаратып жатканы чындык. Бирок бул иштер бүткөндөн кийин шаар тургундарына жана айдоочуларга бир топ жакшы шарттар түзүлөрү шексиз", - деп билдирет ЖКККББ.