Бишкекте жогорку чыңалуудагы "Мурас" көмөк чордону ачылды

Коом 1 октябрь 2025 17:25
558081002_791422940149350_2929142372095585149_n.jpg
558093379_791422073482770_1404293679377790561_n.jpg
558183169_791422240149420_871814648090538674_n.jpg
558194140_791422220149422_8255711683697217767_n.jpg
558204971_791422513482726_8936999111301316332_n.jpg
558681593_791422310149413_7718755355613201884_n.jpg
556436718_791422646816046_3283201683379508304_n.jpg
556950146_791422223482755_3982399775308921257_n.jpg
557863519_791422306816080_2159933128156812842_n.jpg
558080909_791422473482730_7762766792694910945_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 01.10.25. /Кабар/. Бүгүн энергетика министри Таалайбек Ибраев Бишкек шаарында жаңы жогорку чыңалуудагы 110/10 кВ "Мурас" көмөк чордонунун ачты.

Ведомстводон билдиришкендей, "Мурас" көмөк чордону шаардын түштүк-батыш аймагындагы турак массивдерди, социалдык объекттерди жана инфраструктураны туруктуу жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылат. Ошондой эле учурдагы "Ново-Южная", "Арча-Бешик" жана "Пиковая Котельная" көмөк чордондордогу жүктү жеңилдетет.

Көмөк чордонду куруунун бирден-бир максаты – Бишкекте курулуп жаткан "Мурас" стадионун, жаңы көп кабаттуу турак үйлөрдү, Евразия балдар көңүл ачуу паркын жана жаңы салынып жаткан бизнес-борборлорду электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн алдын ала жүргүзүлгөн даярдык иштеринин бири.

Маалымат үчүн: "Мурас" көмөк чордону шаардын түштүк-батыш тарабында 50 соток жер тилкесинде, "Мурас" футбол стадионуна жана Мамлекеттик ипотека программасы боюнча курулган турак үйлөргө жакын жайгашкан.

Объектке орнотулган жабдуулар:

  • кубаттуулугу 40 000 кВА болгон күч трансформатору;
  • 110 кВ элегаз өчүргүчтөрү;
  • 110 кВ ажыраткычтар;
  • сыртта орнотулган 10 кВ комплекттүү бөлүштүрүүчү түзүлүштөр.