Бишкекте жогорку билим берүүнүн келечеги талкууланды

Коом 4 июль 2025 11:08
515499828_2248610995555380_4842662577290753832_n.jpg
504378823_2248731715543308_1291614707747689314_n.jpg
513836484_2248610992222047_3503584061305611280_n.jpg
514246632_2248611188888694_9151004033981944119_n.jpg
514265796_2248611112222035_6212273256120360827_n.jpg
514274803_2248611302222016_3824678402327465872_n.jpg
514275983_2248610998888713_7689807620990851294_n.jpg
514278794_2248611208888692_534925169071557775_n.jpg
514396865_2248611122222034_3910424194001371983_n.jpg
515898702_2248611125555367_6216939057367261840_n.jpg
516107240_2248611222222024_5043669319945653178_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги

Ташкент, 04.07.25. /Кабар/. Күн мурун жогорку окуу жайлардын ректорлору менен кеңири форматтагы жолугушуу өттү. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана илим министри Бактияр Орозов катышты.

Жолугушуунун негизги максаты жогорку билим берүү тармагын модернизациялоо, билим сапатын жогорулатуу жана окутуунун мазмунун заманбап талаптарга ылайыкташтыруу болду.

"Биздин максат дүйнөлүк рынокко чыга алган, жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо. Бул — мамлекеттик билим берүү саясатынын башкы багыттарынын бири", - деди Бактияр Орозов.

Ошондой эле жолугушууда төмөнкү маселелер көтөрүлдү:

  • окуу программаларын жаңылоо жана окутуу методдорун кайра карап чыгуу;
  • жогорку окуу жайлардын илимий-изилдөө иштерин өнүктүрүү;
  • эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү;
  • инновацияларды киргизүү жана санариптештирүү процессин ылдамдатуу.

Мындан тышкары, жыйын учурунда Илим министрлигинин жаңы жетекчилери тааныштырылды. Тиешелүү жарлыкка ылайык Чотонов Айбек Өзүбекович министрдин биринчи орун басары Өмүров Нурлан Кубатович орун басары болуп дайындалды.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 12-майында президент Садыр Жапаров Агартуу министрлигин жана Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигин түзүү боюнча жарлыкка кол койгон. Илим министри болуп Бактияр Орозов дайындалган.