Бишкекте ЖККУнун бир катар кеңештеринин жыйыны өтүүдө — Кабар

Бишкекте ЖККУнун бир катар кеңештеринин жыйыны өтүүдө

Саясат 27 ноябрь 2025 12:10
Бишкекте ЖККУнун бир катар кеңештеринин жыйыны өтүүдө
copyright icon Кабар

Бишкек, 27.11.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин (ТИМК), Коргоо министрлер кеңешинин (КМК) жана Коопсуздук кеңештеринин катчылар комитетинин биргелешкен жыйыны өтүүдө.

Биргелешкен жыйынга Кыргызстан төрагалык кылууда.

Анда жамааттык коопсуздук региондорундагы аскердик-саясий кырдаал боюнча пикир алмашуу, сессиялар аралык мезгилде ЖККУнун ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын талкуулоо, ошондой эле Жамааттык коопсуздук сессиясына алып чыгуучу тиешелүү чечимдер каралууда.