Бишкекте ЖККУ ПАнын Кеңешинин көчмө жыйыны өтөт

Саясат Загрузка... 16 Май 2025 18:30
1065581014_0_138_3163_1917_1920x0_80_0_0_19c2b4152f019ff784fc2b5a2da65c12.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 16.05.25. /Кабар/. 19-майда Бишкек шаарындагы “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) Кеңешинин  көчмө жыйыны өтөт.

Парламенттен билдиришкендей, жыйынга Жогорку Кеңешитин төрагасы, ошондой эле Россия, Казакстан, Тажикстан жана Беларустун парламенттеринин жетекчилери катышат. 

Ошондой эле жыйындын алдында, тагыраагы 18-майда Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин расмий сапар менен келип, төрага Нурланбек Тургунбек уулу менен жолугушат.

Жолугушууда мамлекеттер аралык байланыштарды арттыруу жана парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү багытындагы сүйлөшүүлөр жүргүзүлөрү күтүлүүдө.