Бишкекте ЖИ жана стартаптар талкууланган эл аралык фестиваль өтөт

Коом 7 август 2026 15:15
Бишкекте ЖИ жана стартаптар талкууланган эл аралык фестиваль өтөт
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 07.08.26. /Кабар/. 12-августта Бишкектеги Америка университетинде (АУЦА) Go Viral Festival 2026 аймактык фестивалы өтөт.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, фестиваль Борбор Азиядагы IDEA уюму менен биргеликте уюштурулууда.

Иш-чара Эл аралык жаштар күнүнө карата уюштурулуп, ишкердик, инновация, жасалма интеллект, технология, креативдүү экономика жана стартаптарды өнүктүрүү темаларына арналат.

Иш-чарада эл аралык эксперттердин баяндамалары, панелдик талкуулар, Innovation Expo, чыгармачыл жана интерактивдүү аянтчалар уюштурулат. Фестиваль жаштарды, ишкерлерди, IT адистерин жана чыгармачыл индустрия өкүлдөрүн бириктирет.

Иш-чара 12-августта саат 13:00дөн 22:00гө чейин өтөт. Катышуу акысыз.