Бишкекте жеңил атлетика боюнча өлкө чемпионаты өтөт

Спорт Загрузка... 22 Апрель 2025 12:00
491414284_18354094645196946_476839816202323979_n.jpg
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 22.04.25. /Кабар/. 25-26-апрель күндөрү Ш.Сыдыков атындагы спорт колледжинде жеңил атлетика боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында өлкө чемпионаты өтөт.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.

Катышуучулар төмөнкү аралыктарга чуркашат:

  • Эркектер: 100, 200, 400, 800, 1500, 5000 м (400 м ядро ыргытуу, бийиктикке жана узундукка секирүү, найза атуу):
  • Кыз-келиндер: 100, 200 400, 800, 1500, 5000 м (400 м ядро ыргытуу, бийиктикке жана узундукка секирүү, найза атуу):
  • Эстафеталык жарыштар (Mix): 200, 400 м.

Белгилей кетсек, жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын чемпионаты Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан уюштурулууда.