Бишкекте ЖӨБ органдары үчүн санариптик көндүмдөр боюнча окутуу өттү

Коом 25 сентябрь 2025 09:13
550436793_1100474608932497_3455785099365665553_n.jpg
551186126_1100474412265850_2715248246048033376_n.jpg
552373252_1100474565599168_5904195501258727798_n.jpg
552504660_1100474465599178_7674166555887666657_n.jpg
552511120_1100474345599190_8569746307602678581_n.jpg
552862442_1100474895599135_418900033940585530_n.jpg
553499197_1100474628932495_3930917953906526394_n.jpg
Алдыга
Артка
550436793_1100474608932497_3455785099365665553_n.jpg
551186126_1100474412265850_2715248246048033376_n.jpg
552373252_1100474565599168_5904195501258727798_n.jpg
552504660_1100474465599178_7674166555887666657_n.jpg
552511120_1100474345599190_8569746307602678581_n.jpg
552862442_1100474895599135_418900033940585530_n.jpg
553499197_1100474628932495_3930917953906526394_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министрлиги

Бишкек, 25.09.25. /Кабар/. 22-23-сентябрда Бишкекте жергиликтүү администрациялардын, айылдык кеңештердин жана демилгелүү топтордун өкүлдөрү үчүн "Санариптик көндүмдөр" аттуу эки күндүк окутуу өттү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тренинг "Жаштарды өнүктүрүү институту" коомдук фонду менен биргеликте, DVV International жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен өткөрдү.

Тренингдин жыйынтыгында ар бир катышуучуга сертификаттар тапшырылды.

Бул окутуунун негизги максаты – жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) органдарынын санариптик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, шаар менен айылдын санариптик шарттарындагы айырмачылыктарды азайтуу жана жаңы технологияларды колдоно билген адистерди даярдоо болду.

Программанын алкагында катышуучулар төмөнкү багыттар боюнча билим алышты:

  • заманбап технологиялар жана жасалма интеллект: QR-коддорду түзүү, жасалма интеллект аркылуу текст, презентация, визуалдык материалдар жана аналитикалык маалыматтарды даярдоо;
  • жасалма интеллект куралдары: ChatGPT, Gemini, DeepSeek менен иштөө, туура суроолорду түзүү жана ЖӨБ органдарынын ишинде колдонуу;
  • онлайн байланыш жана социалдык тармактар: Zoom, Google Meet, Microsoft Teams платформаларынын мүмкүнчүлүктөрү, Telegram жана WhatsApp аркылуу топторду жана маалыматтык каналдарды уюштуруу;
  • практикалык тапшырмалар: иш-чаралардын пландарын түзүү, жарандар менен байланыш үчүн санариптик куралдарды колдонуу, контент жаратуу.

Экинчи күнү катышуучулар практикалык көндүмдөрүн сынап, жасалма интеллекттин жардамы менен визуалдык жана сүрөт, видеолорду даярдашты.

Бул демилге ЖӨБ органдарынын кызматкерлерине жана активисттерге заманбап санариптик куралдарды ишенимдүү колдонуу мүмкүнчүлүгүн берип, жарандар менен өз ара аракеттенүүнү жакшыртууга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталды.