Бишкекте жазгы спартакиада жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр сыйланды

Спорт 01 Апрель 2025 18:00
WhatsApp Image 2025-04-01 at 14.22.23.jpeg
WhatsApp Image 2025-04-01 at 14.22.23 (4).jpeg
WhatsApp Image 2025-04-01 at 14.22.23 (3).jpeg
WhatsApp Image 2025-04-01 at 14.22.23 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-04-01 at 14.22.23 (1).jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 01.04.25. /Кабар/. Бишкек шаарында 2013–2014-жылдары туулган балдар арасында жазгы спартакиада өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, райондук этаптан тандалган эң күчтүү спортчулар шаардык этаптагы мелдешке катышты. Анда жалпысынан 252 окуучу спорттун жети түрү боюнча күч сынашты: кыймылдуу оюндар, тег-регби, шахмат, ордо, пионербол, дартс жана кичи-футбол.

Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти тарабынан уюштурулду.

Спартакиаданын жыйынтыгында жеңүүчүлөр жана байге ээлери кубок, медаль жана дипломдор менен сыйланышты.