Бишкекте "Жаз деми" жарым марафону өтүп, 3800 адам катышты

Спорт 14 Апрель 2025 14:25
1744615670.jpeg
1744615700.jpeg
1744615690.jpeg
1744615686.jpeg
1744615665.jpeg
1744615662.jpeg
1744615659.jpeg
1744615704.jpeg
Алдыга
Артка
1744615670.jpeg
1744615700.jpeg
1744615690.jpeg
1744615686.jpeg
1744615665.jpeg
1744615662.jpeg
1744615659.jpeg
1744615704.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 14.04.25 /Кабар/. Бишкекте  салтка айланган "Жаз деми" жазгы жарым марафону өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, марафонго кесипкөй спортчулардан тартып, спортту сүйгөн жарандарга чейин, ар кандай курактагы адамдар, анын ичинде балдар да активдүү катышты.

Спорттук иш-чаранын ачылышында Бишкек шаарынын  мэринин орун басары Виктория Мозгачёва катышуучуларды куттуктап, жылуу каалоо-тилектерин билдирди.

Быйыл жарышка жалпы 3800 адам чыгып, каалоочулар өздөрү тандаган 5, 10 жана 21,1 чакырым аралыкты чуркашты. Ошондой эле 3 жаштан 13 жашка чейинки балдар үчүн атайын «Kids Run» жарышы уюштурулуп, 100 метр, 300 метр, 500 метр жана 1 км аралыкта чуркоо өттү.

Спорт майрамында катышуучулар жана коноктор үчүн кызыктуу сынактар, белектер, фотозоналар жана жарманкелер уюштурулду. Марафондун өзгөчө бөлүгү — мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын активдүү катышуусу болду.

Бул марафондун башкы максаты — Кыргызстанда спортту жана сергек жашоо образын жайылтуу, коомдун дене тарбия маданиятын көтөрүү жана спорт менен машыгуунун маанилүүлүгүнө көңүл буруу.

Иш-чараны Nomad Sport Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен уюштурду.