Бишкекте жашыл аймактарды жаңылоо иштери уланууда. Шаарда бак-дарактарды, бадалдарды жана гүлдүү өсүмдүктөрдү отургузуунун көлөмү көбөйтүлүүдө. Борбор калаанын бир катар көчөлөрүндө жана аймактарында жаңы өсүмдүктөр отургузулат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын башкы агроному Жаныбек Жумалиев билдирди.
Анын айтымында, Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин өткөрүүгө байланыштуу шаарда көчөлөрдү жашылдандыруу боюнча кошумча иштер жүргүзүлүүдө.

"Васильевский тракттын №1 жана №2 тилкелерине 1 миллиондон ашык бир жылдык гүл отургузулат. Ошондой эле 2 миңге жакын бадал жана чоң бак-дарактарды отургузуу пландалууда. Мындан тышкары, жаңы газон төшөлөт", – деди Жумалиев.
Ал акыркы төрт-беш жылдын ичинде Бишкекте келечекте көлөкө бере турган чоң дарактар отургузулганын белгиледи.

"Азыр биз чоң өлчөмдөгү бактарды алардын тезирээк өсүп, көлөкө бериши үчүн отургузуп жатабыз. Албетте, алар отургузулгандан кийин дароо көлөкө бере албайт. Дагы 5-6 жыл күтүшүбүз керек. Ошондон кийин көлөкө бере баштайт", – деди башкы агроном.

Анын айтымында, бак-дарактарды тандоо алардын кайсы жерге отургузуларына жараша болот. Тротуарлардын жээгине бактардын бир түрү, ал эми борбордук тилкелерге башка түрлөрү отургузулат.
"Албетте, жалбырактуу бак-дарактардын санын көбөйтөбүз", – деп белгиледи Жумалиев.
Ошондой эле ал шаардын айрым аймактарын бадалдар жана гүлдүү өсүмдүктөр менен жашылдандыруу иштери тууралуу айтып берди. Атап айтканда, Чүй жана Чыңгыз Айтматов проспектилериндеги эски тосмолор алынып салынган.
"Алар эскирген, ошондуктан алып салдык. Азыр жаңы көчөттөрдү отургузуп жатабыз", – деп түшүндүрдү ал.

Жумалиевдин айтымында, жаңы стадион жайгашкан Жайыл баатыр көчөсүнө 650гө жакын бак-дарактардын чоң көчөттөрү отургузулду. Мындан тышкары, бул жерге алты түрдөгү 3 миңге жакын бадал отургузуу пландалууда.
"Бүгүнкү күнгө карата 2 миңден ашык бадал отургузулду. Аптанын аягына чейин дагы 1 миңге жакын бадал отургузуу пландалууда", – деди ал.
Башкы агроном акыркы убакта шаарда бадалдарды отургузуунун көлөмү көбөйүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, буга чейин бадалдар топ-тобу менен отургузулса, азыр жапырт отургузуу ыкмасы колдонулууда.

"Мисалы, Алматы жана Астана шаарларында аймактарды бадалдарды колдонуу менен жашылдандыруу ыкмасы колдонулат. Биз да ушул ыкманы колдонуп жатабыз. Акыркы убакта бадалдардын санын көбөйтүүгө аракет кылуудабыз" , – деди Жумалиев.
Ал "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын көчөт өстүрүүчү чарбаларында бадалдардын 20дан ашык түрү өстүрүлөрүн кошумчалады.

"Бүгүнкү күндө, мисалы, жаңы стадион жайгашкан Жайыл баатыр көчөсүнө пузыреплодниктин эки түрүн – кызыл жана лимон түстүүсүн отургуздук. Ошондой эле жалбырагы кызыл Тунберг бөрү карагатын, гортензиянын эки түрүн жана вейгеланын эки түрүн отургуздук", – деп айтып берди Жумалиев.
Анын айтымында, Чортеков көчөсүнөн Алла Кулова көчөсүнө чейинки тилке да жашыл аймакка айландырылат.
Сөзүнүн соңунда адис жүргүзүлүп жаткан иштер жашыл аймактарды кеңейтүүгө жана шаар тургундары үчүн кыйла ыңгайлуу шаардык чөйрөнү түзүүгө багытталганын белгиледи.