Бишкек, 11.09.25. /Кабар/. «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасынын жаңы сугат скважинасын ишке кирди.
Муниципалитеттен билдиришкендей, 2025-жылы сугат иштерин камсыз кылуу үчүн Лев Толстой жана Логвиненко көчөлөрүндө жаңы скважина ишке киргизилген.
Скважинанын тереңдиги 140 метр жана саатына 65 кубометрге чейин суу бере алат, бул ага чектеш аймактагы сугат иштерин эффективдүү жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
Жаңы суу булагы 8 гектар жерди сугарып, жашыл аймактарды натыйжалуу сугарууга ыңгайлуу шарттарды түзүүдө.
Белгилей кетсек, жыл аягына чейин дагы эки скважинаны бургулоо пландаштырылып жатат, бул ирригациялык системасынын иштешин кыйла кеңейтет жана борбордун жашыл аймактарына кам көрүүнүн эффективдүүлүгүн жогорулатат.