Бишкек, 09.07.26 /Кабар/. Бишкек шаарында бардык балдардын сапаттуу жана инклюзивдүү билим алуусун жакшыртууга багытталган Ислам өнүктүрүү банкы менен Билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүктүн биргелешкен Smart-ED долбоорунун алкагында кереге кеңеш өтүүдө.
Иш-чарага агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, Б. Юнусалиев атындагы Тил илими институтунун директору Сыртбай Мусаев, президентке караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, ошондой эле билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, эксперттик коомчулуктун мүчөлөрү, окуу материалдарын иштеп чыгуучулар жана эл аралык өнөктөштөр катышууда.
Кереге кеңеште жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстердин Кыргыз тили, Тарых жана География сабактары боюнча мазмундук жана идеялык багыттары талкууланууда. Ошондой эле билим берүүнүн мазмунун жаңылоо, улуттук баалуулуктарды чагылдыруу, окутуунун заманбап ыкмаларын колдонуу, бардык окуучулар үчүн окуу материалдарынын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн арттырууга көңүл бурулууда.
Долбоордун негизги максаты — мектептик билим берүү системасын жакшыртуу, окутуунун сапатын жогорулатуу жана Кыргызстандагы ар бир бала үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылган инклюзивдүү билим берүү чөйрөсүн түзүү.