Бишкекте жаңы эндоскоптун жардамы менен баланын ашказанынан тыйын алынды

Ден соолук 12 Июнь 2025 14:30
506433638_736352395458798_6990612568221433841_n.jpg
506200849_736352348792136_2619684842442712228_n.jpg
Алдыга
Артка
506433638_736352395458798_6990612568221433841_n.jpg
506200849_736352348792136_2619684842442712228_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 12.06.25. /Кабар/. Бүгүн Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгерлери 8 жаштагы баланын ашказанынан 10 сомдук тыйынды замбап эндоскопиялык жол менен чыгарышты.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, операция жакында борборго келген SonoScape 550 эндоскоп аппаратынын жардамы менен жасалды. Бул аппарат оорулууну операциясыз дарылоого мүмкүнчүлүк берип, баланын тез айыгышына өбөлгө түздү.

Эндоскопист-хирург Кубанычбек Раззаковдун айтымындпа, мындай кайрылуулар жумасына 3-4 жолу катталат. Жаңы аппараттар ымыркайлар менен иштөөдө өтө маанилүү.

Жабдуулар министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиевдин колдоосу менен алынган.