Бишкекте жаңы “Алтын-Казык” мал базары ачылды

Коом 6 сентябрь 2025 19:42
be6453ef-1a57-4015-8421-96ffd6b970d1.jpeg
d50bbd68-e96f-4b76-bb4a-150ba67e6466.jpeg
d7d74c32-e40c-4b0a-bda0-d04edc4f8c51.jpeg
IMG_6008.png
74f6ebd5-d791-4c30-be8d-3b54b31b6ee6.jpeg
Алдыга
Артка
be6453ef-1a57-4015-8421-96ffd6b970d1.jpeg
d50bbd68-e96f-4b76-bb4a-150ba67e6466.jpeg
d7d74c32-e40c-4b0a-bda0-d04edc4f8c51.jpeg
IMG_6008.png
74f6ebd5-d791-4c30-be8d-3b54b31b6ee6.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек шаардык мэриясы

Бишкек, 06.09.25. /Кабар/. Бүгүн, 6-сентябрда борбор калаанын Биринчи Май районунда “Алтын-Казык” жаңы мал базары ачылды.

Мэриядан билдиришкендей, базар Юбилейная көчөсү менен Түндүк айланма жолдун кесилишинде жайгашкан жана ветеринардык коргоо зоналарынын бардык талаптарына жооп берет.

Ачылыш аземге катышкан коноктор базардын инфраструктурасы, сатуучулар жана сатып алуучулар үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышып, ветеринардык лабораториясын, эт комбинатын көрүштү.

Белгилей кетсек, базардын аянты 4 гектарды түзөт. Ал 1500 баш бодо малды жана 6000 баш майда малды жайгаштырууга ылайыкталган. Мындан тышкары 300 жумушчу орун түзүү пландалууда. Аймакта чарба сарайлар, 360 чарчы метр аянтты ээлеген заманбап ашкана, санитардык талаптарга жооп берген ыңгайлуу мал союучу жай курулган.

Бүгүнкү күндө Пригородный базары жаңы аймакка толугу менен көчүп бүттү. «Жантай», «Эски толчок», «Расул-Ата» жана башка базарларды көчүрүү иштери уланууда.