Бишкекте "жашыл" энергетиканы өнүктүрүү стратегиялары талкууланууда

Экономика Загрузка... 02 Июль 2026 15:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 02.07.26. /Кабар/. Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин катышуусунда "Жашыл" энергетика боюнча академиктердин III эл аралык форуму өтүүдө.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, Кыргызстандын ШКУга төрагалыгынын алкагында уюштурулган бул иш-чара өлкөнүн аймактык энергетикалык диалогдогу ролун бекемдөөгө багытталган.

Иш-чаранын жүрүшүндө "Бир алкак – бир жол" демилгесинин алкагында кыргыз-кытай биргелешкен "Таза энергия жана энергияны сактоо" лабораториясы ачылып, адистерди даярдоочу "Санариптик интеллект" демонстрациялык борбору ишке кирди.

Ошондой эле "ШКУ өлкөлөрүндөгү жашыл энергетика: стратегиялар, жөнгө салуу жана келечек перспективалары" аттуу китептин бет ачары өттү.

"Биргелешкен лабораториялар жана инновациялык борборлор өлкөнүн энергетикалык өнүгүүсүнө практикалык салым кошуп, жаңы технологияларды киргизүүгө жана кадрдык потенциалды күчөтүүгө өбөлгө түзөт", - деди энергетика министринин орун басары Салават Садыракунов.

Белгиленгендей, форумдун негизги максаты ШКУ өлкөлөрүнүн илимий коомчулугун бириктирүү жана кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү болуп саналат. Бул иш-чара Кыргызстанга жашыл энергетика (гидро, күн, шамал) тармагында инвестиция тартууга жана заманбап технологияларды киргизүүгө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат.