Бишкекте жана Чүй облусунда шамалдан 5 мектеп жана 2 бала бакча жабыркады

Кырсык Загрузка... 21 Февраль 2026 20:40
WhatsApp Image 2026-02-21 at 09.08.34 (2).jpeg
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек, 21.02.26 /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шамалдын кесепетинен жабыркаган обьектилерди тактоо ишин улантууда.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Бишкек шаары боюнча 7 турак үй, 5 көп кабаттуу үй, 2 мектеп, 1 бала бакча, 2 ишкана, 2 унаа жабыркап, 2 бак кулап, электр зымдары үзүлгөн.

Ал эми Чүй облусунда жалпы 2 турак үй, 3 мектеп, 1 айыл аймагынын имараты, 1 бала бакча, 5 сарай, 1 дубал, 2 бак кулаган.