Бишкекте заманбап травматология жана ортопедия борборунун курулушу кызуу жүрүүдө

Коом 870 21 Май 2025 10:58
499249198_720481693712535_6269830462050883247_n.jpg
499326931_720481607045877_8201139596369088207_n.jpg
499460883_720481737045864_1525566555799999622_n.jpg
499469788_720481697045868_7764690321806631462_n.jpg
499557598_720481627045875_5017161011810950196_n.jpg
499703065_720481660379205_8532901994422718943_n.jpg
499835788_720481763712528_1206466255994594706_n.jpg
499950515_720481717045866_8220588876636770307_n.jpg
Алдыга
Артка
499249198_720481693712535_6269830462050883247_n.jpg
499326931_720481607045877_8201139596369088207_n.jpg
499460883_720481737045864_1525566555799999622_n.jpg
499469788_720481697045868_7764690321806631462_n.jpg
499557598_720481627045875_5017161011810950196_n.jpg
499703065_720481660379205_8532901994422718943_n.jpg
499835788_720481763712528_1206466255994594706_n.jpg
499950515_720481717045866_8220588876636770307_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 21.05.25. /Кабар/. Бишкекте Улуттук травматология жана ортопедия борборунун курулушу активдүү уланууда.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, бул ири медициналык объект жаракат алган жана кыймыл-аракет системасынын оорулары бар бейтаптар үчүн адистештирилген медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга багытталган. Долбоордун ишке ашуусу президент Садыр Жапаровдун ар тараптуу колдоосу менен мүмкүн болду.

Улуттук травматология жана ортопедия борборунун директору Сабырбек Жумабеков белгилегендей, бүгүнкү күндө өлкөдө жаракаттар өлүм себептеринин арасында үчүнчү орунда турат. Ошол эле учурда бар өлкөдөгү башка саламаттык сактоо мекемелери калктын травматология-ортопедиялык жардамга болгон өсүп жаткан муктаждыктарын толук канааттандыра албай келет.

Курулуп жаткан борбор 34 500 чарчы метр аянтты ээлеген көп тармактуу медициналык комплекс болот. Анын курамына заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылган беш блок кирип, бейтаптар жана медициналык кызматкерлер үчүн жер үстүндөгү жана жер алдындагы унаа токтотуучу жайлар каралган. Имараттын чатырында санитардык авиация менен бейтаптарды ыкчам ташуу үчүн заманбап тик учак конуучу аянтча курулат.

Мамлекеттик бюджеттен курулушка 3 миллиард сом бөлүнгөн. Курулуш иштери быйыл март айында капсула салуу аземи менен башталган. Азыркы учурда пайдубал куюу иштери жүрүп жатат, курулушка 100дөй жумушчу тартылган. Борборду келерки жылы пайдаланууга берүү пландалууда.

Оорукананын кубаттуулугу 500 керебетке эсептелип, 11 адистештирилген бөлүмдү камтыйт: жандандыруу, операциялык бөлмөлөр, кабыл алуу бөлүмү, амбулатория, клиникалык-диагностикалык жана бактериологиялык лабораториялар, физиотерапия жана калыбына келтирүү бөлүмдөрү. Кыргызстанда биринчи жолу спорттук жаракаттар боюнча адистештирилген бөлүм ачылып, спортчулар жогорку квалификациялуу медициналык жардам ала алышат.

Борбордо ар түрдүү диагностикалык изилдөөлөр жүргүзүлөт — МРТ, УЗИ, рентген жана башка. Ошондой эле операциядан кийинки комплекстүү реабилитация уюштурулат. Борбордун негизги багыттарынын бири болуп артроскопия — муундарды чакан тешиктер аркылуу эндоскоп менен текшерип, дарылоого мүмкүндүк берген аз инвазивдүү ыкма киргизилет.