Бишкекте өз өмүрүн кыюуга аракет кылган жаран куткарылды

Загрузка... 01 Апрель 2025 14:35

Бишкек, 01.04.25. /Кабар/. Күн мурун Бишкекте өз жанын кыюуга аракет кылган жаран куткарылды.

ӨКМден билдиришкендей, 102 кызматына 23 жаштагы жаран көп кабаттуу үйдүн 7-кабатынан секирүүгө аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине 5 куткаруучу тартылып, сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында ал жаранды аман-эсен жерге түшүрүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.