Бишкек, 18.05.26. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын бардык керектөөчүлөрү ысык суу менен камсыздоо системасына толук туташтырылды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, эгерде айрым үйлөрдө же батирлерде ысык суу жок болсо, анын себеби, үйдүн ичиндеги ысык жана муздак суу системаларынын ортосундагы агымдын бузулушунан улам болушу мүмкүн.
"Шаар тургундарынан суу жылыткычтарын туура өчүрүлгөнүн жана сантехникалык жабдууларынын жарактуулугун текшерип коюуну өтүнөбүз, анткени, туура эмес өчүрүлгөн бир эле суу ысыткыч бүтүндөй үйдөгү ысык суунун айлануусуна таасир этиши мүмкүн", - деп белгилешти мэриядан.
Көйгөйлөр пайда болсо, кызмат көрсөтүүчүңүзгө, турак жай ээлеринин шериктештигине же "Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасына кайрылууга болот:
- Керектөөчүлөрдү колдоо борбору: (0312) 61-11-69, 1980, 0557 611166, 0777 611166, 0701 611166;
- Диспетчердик кызмат: 56-85-58;
- Борбордук аймак боюнча үй ичиндеги системалар боюнча нөөмөтчү инженерлери: 36-57-19, 30-07-67;
- Түштүк аймак боюнча үй системалардын нөөмөтчү инженерлери: 51-06-22, 21-74-06.