Бишкекте ысык суу эки күнгө убактылуу өчүрүлөт – даректери

Коом 40 11 Август 2026 10:25
1755850014_large.jpeg
copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек, 11.08.26. /Кабар/. Чүй проспектисиндеги жылуулук тармагын реконструкциялоо иштерине байланыштуу Бишкектин айрым даректеринде ысык суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ысык суу 11-август саат 09:00дөн 12-август саат 18:00гө чейин өчүрүлөт.

Суу Чүй проспектисиндеги 26, 97, 99, 99/1, 99/2, 105, 107, 109, 111, 113, 115, 115А, 117, 119, 42 жана 44-үйлөрдө, ошондой эле Гражданская жана Курманжан датка көчөлөрүндөгү бир катар даректерде токтотулат.

Мэрия тургундардан убактылуу ыңгайсыздыкка түшүнүү менен мамиле кылууну өтүндү.