Бишкек, 02.06.25 /Кабар/. Борбор каалада ысык суу аптанын соңуна чейин берилип бүтөт. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине “Бишкек жылуулук тармагы” муниципалдык ишканасынын жеке жылуулук пунктунун улук инженери Эдил Урматалиев билдирди.

Анын айтымында, “Бишкек жылуулук тармагы” муниципалдык ишканасынын техникалык тейлөөсүндө 2 миң 64 үй бар. Ушул тапта алардын 93 пайызына ысык суу берилди. Калган жети пайыздын 4 пайызына ысык суу кереги жок. Ал эми 3 пайызы, суу түтүктөрү жарылып, калыбына келтирүүнү талап кылат.
“Шаар тургундарына ысык суу берүү күн мурун башталды. Негизинен ысык суу же жылуулук берүүгө үч күндөн бир аптага чейинки убакыт талап кылынат. Бүгүнкү күндө ысык суу шаардын 91 пайызына берилип бүттү. Тагыраагы, Жибек-Жолу көчөсүнөн жогору карай Абсамат Масалиев (Магистраль) көчөсүнө чейин. Ошондой эле Ауэзов көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейин. Айрым жерлерде ар түрдүү себептер менен суу берүүгө мүмкүнчүлүк болбой калды.

Кээ бир үйлөрдүн жер төлөөлөрүнүн ачкычтары жок болуп калган учурлар кездешти. Суу түтүктөрү жарылган үйлөр бар. Айрымдарынын сууга болгон карыздары бар. Аларга ысык суу карызын төлөгөндөн кийин берилет.
Бул оңой процесс эмес. Татаал технологиялык процесс. Баарына бир убакта берип коюуга мүмкүн эмес. Ысык суу биринчи кезекте мектеп, оорукана, социалдык мекемелерге берилет. Андан кийин гана көп кабаттуу үйлөргө берилет. Ысык суу бергенден кийин, айрым жерлерде суу ага баштайт. Суу берүүнү токтотуп ал жерлерди оңдоого туура келет. Буюрса, ушул аптанын соңуна чейин берилип бүтөт”,-деди ал.
Урматалиев кошумчалагандай, суу берүү учурунда аныкталган, жарылган түтүктөр жана айрым мүчүлүштүктөрдүн баары калыбына келтирилүүдө.