Жол толук жабылган жок: Васильевский тракт көчөсүн оңдоо иштери башталды

Коом Жүктөлүүдө... 06 Июль 2026 09:10
738199138_1505833788259137_8279228366590863742_n.jpg
739230862_1505833748259141_1087798453175036247_n.jpg
738828929_1505833768259139_1336846458159597250_n.jpg
Алдыга
Артка
738199138_1505833788259137_8279228366590863742_n.jpg
739230862_1505833748259141_1087798453175036247_n.jpg
738828929_1505833768259139_1336846458159597250_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек, 06.07.26. /Кабар/. Бишкекте Васильевский тракт көчөсүн реконструкциялоонун III этабы башталды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, буга чейин жолдун биринчи жана экинчи этаптары ийгиликтүү аяктап, Фучик көчөсүнөн "Манас" эл аралык аэропортуна чейинки тилкелер иретке келтирилген.

Эми 5-июлдан тартып Комсомольская көчөсүнөн Чоң Чүй каналына чейинки узундугу 7 чакырым болгон тилкеде оңдоо иштери жүрөт.

"Айдоочуларга ыңгайсыздык жаратпоо үчүн көчө толугу менен жабылбайт, унаа кыймылы эки багытта тең жолдун бир тарабы аркылуу уюштурулат", - деп айтылат маалыматта.