Бишкекте V эл аралык аялдар бизнес форуму өтүүдө

Коом 10 сентябрь 2025 12:04
WhatsApp Image 2025-09-10 at 11.58.13.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-10 at 12.01.07 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-09-10 at 12.01.07 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-09-10 at 12.01.09 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-09-10 at 12.01.09.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-10 at 12.01.08.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-10 at 12.01.07.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-10 at 12.01.03.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-10 at 12.01.02.jpeg
Алдыга
Артка

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 10.09.25 /Кабар/. Бишкек шаарында “Түрк элдеринин прикладдык искусствосунун кылымдарды карыткан салттары” V эл аралык бизнес форуму өтүүдө.

Иш-чарага мамлекеттик катчы Марат Иманкулов, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин, Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев, ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Султан Раев, Москва шаарындагы “Атомдук тармактагы аялдар” уюмунун төрайымы — Александра Рябых жана башка көрүнүктүү ишмерлер, ишкер айымдар катышууда.

Форумдун максаты — аялдардын ишкердиктеги ордун чыңдоо, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү, инвестиция тартуу жана улуттук маданий мурастарды дүйнөгө таанытуу болуп саналат.

Уюштуруучулары - Кыргызстандын Аялдар конгресси, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги жана ТҮРКСОЙ уюуму.

Андан сырткары “Аялдар үчүн санариптик өнүктүрүү кыргыз-кытай борбору” ачылып, анын алкагында Бүткүл Кытай аялдар федерациясы тарабынан 83 компьютердин бир бөлүгү облустардагы өкүлдөргө тапшырылат.

Бул демилге аймактардагы аялдардын санариптик экономикага аралашуусуна шарт түзөт.