Азербайжан музыкасы кыргыз сахнасында. Узеир Гаджибейлинин 140 жылдыгына арналган концерт өттү

Маданият 24 Апрель 2025 10:51
491957535_981018314189925_2068134456820740488_n (1).jpg
492008700_981018184189938_1922439001719958282_n.jpg
491202699_981019387523151_8495336780831805157_n.jpg
491769286_981019167523173_1940549749198366869_n.jpg
490822134_981019124189844_5552242150056612434_n.jpg
492489069_981019104189846_3093155503181499452_n.jpg
492221251_981018987523191_5968368236553940742_n.jpg
489927809_981018944189862_1487818068100160650_n.jpg
491998603_981018927523197_2163905058909937062_n.jpg
491915490_981018904189866_261076884896358806_n.jpg
492706403_981018994189857_8991024845308434_n.jpg
492231228_981018797523210_8997677624439912263_n.jpg
493284102_981018774189879_8571009434604719170_n.jpg
491289235_981018754189881_662995931519648002_n.jpg
492251132_981018730856550_5777303625502932475_n.jpg
491880989_981018560856567_1314163732447920656_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 21.04.25. /Кабар/. Күн мурун Бишкектеги А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Азербайжандын улуу композитору Узеир Гаджибейлинин 140 жылдыгына арналган симфониялык концерт тартууланды.

Маданий иш-чарага Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова, Азербайжандын маданият министринин орун басары Мурад Фарид оглы Гусейнов, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, искусство ишмерлери, ошондой эле классикалык музыка сүйүүчүлөр катышты.

Классикалык концерт Асанкан Жумакматов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык симфониялык оркестринин коштоосунда өтүп, Азербайжандын эмгек сиңирген артисти Эйюб Кулиев дирижёрлук кылды.

Музыка кечесинде Азербайжан элинин улуу композитору Узеир Гаджибейлинин, Муслим Магомаевдин чыгармалары, “Аршин мал алан” операсынан үзүндүлөр аткарылып, кыргыз композитору Калый Молдобасановдун “Эмгек бийи” жаңырды.

Ошондой эле концерттин жүрүшүндө Азербайжандын эмгек сиңирген артисттери Хайям Мустафазаде, Наргиз Каримова жана Фатима Жафарзаде, А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисттери Салима Маматова, Мурат Дербишалиев өз өнөрлөрүн тартуулады. Оркестрдин коштоосунда фортепианодо Саида Тагизаде кол ойнотуп, жагымдуу чыгармаларды аткарды.

Белгилей кетсек, Узеир Гаджибейлинин 140 жылдыгына арналган симфониялык концерт Азербайжандын Кыргызстандагы маданият күндөрүнүн алкагында өттү.