Бишкекте «Urban Night – 2025» улуттук форуму өттү

Коом 22 сентябрь 2025 18:00
548847059_1107.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
550552688_1107.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
550189140_1107.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
549976794_1107.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
550451062_1107.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

Бишкек, 22.09.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты, Туруктуу өнүктүрүү максаттары боюнча жумушчу топтун жетекчиси Чыңгыз Айдарбеков А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өткөн «Urban Night – 2025» улуттук форумуна катышты.

«Шаар кыймылда – көйгөйлөрдөн чечимдерге» панелдик сессиясынын алкагында Чыңгыз Айдарбеков Кыргызстанда Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүү, транспорттук реформаларга комплекстүү мамиле кылуу, борбор калааны жашылдандыруу, сапаттуу коомдук мейкиндиктерди түзүү жана «жашыл» технологияларды жайылтуу маселелерине арналган сөз сүйлөдү.

Айдарбеков шаардык демилгелер жарандардын бакубатчылыгына түздөн-түз байланыштуу экенин жана алар системалуу чечимди талап кыларын баса белгиледи. Форум жаштар менен диалог форматында улантылып, катышуучулар борбор калаанын өнүгүүсүнө багытталган так сунуштарды талкуулашты.