Бишкекте United Dance Weekend эл аралык бий фестивалы өтөт

Маданият 23 Сентябрь 2025 11:25
550888431_1093161142975641_8003916411531964716_n.jpg
550341448_1093161146308974_1355300836654288411_n.jpg
Алдыга
Артка
550888431_1093161142975641_8003916411531964716_n.jpg
550341448_1093161146308974_1355300836654288411_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 23.09.25. /Кабар/. Кыргызстанда заманбап бий маданиятын өнүктүрүүгө арналган эң ири эл аралык United Dance Weekend фестивалы өтөт.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, иш-чара Бишкектеги ТЕХНОПАРКта өтөт.

United Dance Weekend фестивалынын алкагында Казакстан, Россия, Өзбекстан, Түркия, Франция, Нидерланд жана башка өлкөлөрдөн келген 10дон ашуун профессионал бийчилер жана хореографтар мастер-класстарды өткөрүп, ири баттлдарга катышат. Иш-чаранын кульминациясы — белгилүү француз DJ TellaX катышкан финалдык шоу болот.

Фестивалдын жеңүүчүлөрүнө демөөрчүлөр жана өнөктөштөр тарабынан белектер, ошондой эле Европанын алдыңкы бий лагерлерине гранттар тапшырылат.

Маалымат үчүн: United Dance Weekend таланттуу жаштар үчүн эл аралык сахнага чыгууга жол ачкан, Кыргызстанды заманбап бийдин регионалдык борбору катары тааныткан уникалдуу платформа болуп эсептелет.