Бишкек, 11.08.26. /Кабар/. Бишкекте унаалардан чыккан булгоочу заттардын атмосфералык абага таасирин аныктоо максатында кезектеги рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Иш-чара Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча башкармалыгы тарабынан Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен биргеликте уюштурулду.
Рейд учурунда унаалардын техникалык абалы жана атмосферага чыгарылган зыяндуу заттардын белгиленген ченемдерге шайкештиги текшерилди.
Жыйынтыгында үч протокол түзүлүп, жалпы 22 миң 500 сом айып пул салынды.