Бишкекте унаа тыгынын азайтууга кандай чаралар көрүлүүдө? Саресеп

Коом Загрузка... 25 Сентябрь 2025 17:17
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.09.25. /Кабар/. Бишкек мэриясы борбор калаанын башкы планын иштеп чыгуунун алкагында бардык тармактар боюнча иштерди жакшыртуу үчүн изилдөө жүргүзүүдө.

WhatsApp Image 2025-09-25 at 16.55.49 (3).jpeg

Бишкек шаарынын жашоочуларынын транспорттук каттамдарын изилдөө боюнча анализ көрсөткөндөй, тургундардын 41%ы жеке транспорт же таксини пайдаланышат. Коомдук транспортту шаардыктардын 38%ы тандаса, дагы 21% киши жөө, велосипед же самокат менен жүрөт.

WhatsApp Image 2025-09-25 at 16.55.49.jpeg

Адамдардын эң көп каттай турган багыты шаардын борбору, ал жерде жумуш жана башка максаттар үчүн каттамдар жасалат. Ленин жана Октябрь районунун тургундары башка райондорго баарынан көп барат. Анткени ошол райондордо окуу жайлар, соода борборлору, жумуш орундары, мамлекеттик жана жеке менчик мекемелер жайгашкан.

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева “Биринчи радионун” эфиринде билдиргендей, 20 миңге жакын окуучу Чүй облусунан Бишкек шаарына келип окушат. Бишкектеги мектептер 103 миң окуучуга ылайыкталса, учурда балдардын саны 257 миңге жетти.

1775109.99d41ba63d3d241bee5db31443717af3.jpg

“Жылдан-жылга ички миграциядан улам Бишкекке келип туруктуу жашай турган жарандардын саны көбөйдү. Быйыл Россия, Америкадан да мекендештер көп келишти. Ошол эле маалда элдибиздин саны көбөйүп жатат. Бишкектеги мектептерде 103 миң окуучу окуй турган болсо, азыр 257 миң бала билим алууда. Мына борборго Чүй облусунан 20 миңге чукул бала келип окуп жатат. Мыйзам чегинде биз башка райондун жашоочусу деп балдарды чектебейбиз, биз баарын кабыл алып жатабыз. Президент мектептерди эми муктаждыктарга жараша салууга тапшырма берди. Муну менен Бишкектин тегерегиндеги райондордогу мектептерде бир класста 50дөн ашык балага жеткен учурларды жеңилдетебиз”, - деди министр.

Айрым шаар тургундары унаа тыгынын жол оңдоо иштери менен да байланыштырууда. Быйыл Бишкектеги 15 көчөнү капиталдык оңдоодон өткөрүү, 6 жаңы көчө салуу, 2 көпүрөнү реконструкциялоо жана дагы бир көпүрөнү жаңы куруу пландалган.

WhatsApp Image 2025-09-25 at 16.55.50.jpeg

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Абдыжапаркул Жанболотовдун айтымында, окуу жылы башталганга чейин бир катар көчөлөрдөгү жол оңдоо иштери бүткөрүлдү. Анын ичинде 8 көчөдөгү ремонт жана эки жаңы көчөнү салуу иштери аяктады. Алдыда капиталдык оңдоодон өткөрүүгө 7 көчө калды. Ал эми 3 жаңы көчөнү салуу иштери эмки жылкы планга киргизилмей болду.

WhatsApp Image 2025-09-25 at 16.55.50 (1).jpeg

Абдыжапаркул Жанболотов белгилегендей, шаардын калкынын санына жараша унаалардын саны да кескин түрдө өстү.

“Шаарга тургундардан тышкары Чүй облусунун район-шаарларынан да жарандар жумуштарына келишет. Ошол эле маалда студенттердин арасында унааларды ижарага алып айдагандар да бар. Бир күндө шаарга 600-700 миңдей унаа кирип-чыгып жатат. Шаар мынча сандагы транспортту батырууга ылайыкталган эмес.

WhatsApp Image 2025-09-25 at 16.55.49 (2).jpeg

Унаа тыгындарын азыр жол салуу иштерине байланыштырып жатышат. Ооба, жол оңдогондо кыймыл үчүн көчө жабылат. Талаптарга ылайык, жолду эрте жазда же кышында сала албайбыз. Жай мезгилинде бир топ көчөнү оңдоп бүтүрүп алдык.

Алдыда транспорттук түйүндөрдү салганга долбоорлор даярдалууда. Биринчиси, 7-Апрель көчөсү менен Анкара көчөсүнүн кесилишинде, экинчиси Жаш гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишинде жайгашат. Эмки жылы курулуш иштери башталат. Ошондой эле айланма жолдорду салуу да пландалган. Ушундай иштердин аркасы менен даборбордук көчөлөрдө унаа кыймылы азаят деп турабыз. Жибек жолунда салынып жаткан көпүрө эки тилкелүү болгон. Биз долбоордо аны кеңейтүү керектигин белгиледик, эртеңден баштап жумуштар башталат”, - деп айтты Жанболотов.

Ал арада унаа тыгыны маселесин алдын алуу максатында Бишкек шаардык милициясынын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери саат 16:00дон баштап унаа кыймылын жөнгө салып жатат. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине аталган башкармалыктын басма сөз тобунун тескөөчүсү Надырбек Жусупов билдирди.

WhatsApp Image 2025-09-25 at 16.55.50 (2).jpeg

“Бишкек шаардык милициясынын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан шаарыбыздын аймагында болуп жаткан унаа тыгындарын жоюу жана алдын алуу максатында күн сайын саат 16:00дө унаа кыймылдары жөнгө салынууда. Буга болгон күч-аракетибизди көрүп жатабыз. Унаа тыгыны көйгөйлүү болуп жаткан көчө кесилиштеринде кызматкерлер иш алып барууда. Мындан тышкары, 102 кызматына түшкөн чакыруу же кабарларлар боюнча жол тыгыны маселесин чечип бергенге аракет кылып жатышат”, - деди Надырбек Жусупов.

WhatsApp Image 2025-09-25 at 16.55.49 (1).jpeg

Мэрия Бишкектин башкы планын иштеп чыгууда жарандардын сунуштарын да кабыл алууда. Анда шаар тургундары жол тыгындарын азайтуу жана коомдук транспорттогу жүктөмдү жеңилдетүү максатында айланма жолдорду жана жөө өтмөктөрдү курууну, жолдорду кеңейтүүнү, кошумча унаа токтоочу жайларды уюштурууну сунушташкан.

Сурамжылоого катышкан шаар тургундары жол тыгындарын жана коомдук транспорттун ашыкча жүктөлүшүн эң актуалдуу маселе катары айтышкан.

Муниципалитет башкы планга изилдөөнүн алкагында чогултулган маалыматтарды шаардык транспорт системасын долбоорлоо жана коомдук транспорт кызматтарын жакшыртуу үчүн колдонорун белгилейт.