Бишкекте унаа токтотуучу жайдын ордуна мыйзамсыз курулган кафе алынды

Коом 384 21 Июль 2026 16:20
680399721_3813710605438777_7502160834930861445_n.jpg
1.jpg
2.jpg
3.jpg
4.jpg
Алдыга
Артка
680399721_3813710605438777_7502160834930861445_n.jpg
1.jpg
2.jpg
3.jpg
4.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 21.07.26. /Кабар/. Бишкекте "Орто-Сай" базарынын аймагындагы Суеркулов көчөсүндө муниципалдык жерди максатсыз пайдаланган объекти аныкталып, 200 чарчы метр жер тилкеси бошотулду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө аталган аянт унаа токтотуучу жай уюштуруу үчүн ижарага берилгени, бирок ижарачы келишим шарттарын бузуп, ал жерге жеңил конструкциядан кафе куруп алганы белгилүү болду.

Объект ээсине мыйзам бузууларды жоюу тууралуу эскертүү берилип, муниципалдык жерди максатсыз пайдаланганы үчүн 13 миң сом айып пул салынды. Түшүндүрүү иштеринен кийин ишкер кафени өз ыктыяры менен демонтаждаган.

Мэриядан билдиришкендей, бошотулган 200 чарчы метр аймак эми көрктөндүрүлүп, өзүнүн максаттуу багыты боюнча пайдаланылат.