Бишкекте унаа сүзүп кеткен 8 жаштагы баланын абалы айтылды

Ден соолук Загрузка... 14 Май 2025 16:00
WhatsApp Image 2025-05-14 at 12.46.00 (1).jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 14.05.25. /Кабар/. Бишкек шаарында унаа сүзүп кеткен 8 жаштагы баланын абалы туруктуу. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, баланын билек сөөгү сынган. Учурда анын абалы туруктуу жана пландык операцияга даярдалып жатат.

Эске салсак, 10-майда болжол менен саат 20:30дар чамасында 2002-жылы туулган С.А. аттуу айдоочу Hyundai Solaris үлгүсүндөгү унааны артка айдап жатып, И.Э. аттуу жашы жете элек баланы сүзүп алган. Кырсык Чыңгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан үйдүн короосунда болгон.

Жабыркаган бала ар кандай жаракаттары менен Шаардык клиникалык оорукананын реанимация бөлүмүнө жаткырылган.