Бишкекте Улуттук университеттин 100 жылдыгына арналган эл аралык форум өтүүдө

Коом Загрузка... 24 Октябрь 2025 11:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 24.10.25 /Кабар/. Бишкек шаарында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдыгына арналган “Улуттук университет - улуттун тиреги” эл аралык форуму өтүүдө.

Ага өлкөнүн мамлекеттик жана коомдук ишмерлери, окумуштуулар, жергиликтүү жана КУУ менен кызматташтыгы бар чет өлкөлүк жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү, университеттин эмгек жамааты катышууда.

География илимдеринин доктору, профессор, окуу жайдын ректору Догдурбек Чоңтоев иш-чаранын ачылыш аземин жасап жатып, “Улуттук университет 100 жылдын ичинде 192 миңден ашуун адисти даярдады. Ал жөн гана окуу жай эмес, илимпоздордун, мамлекеттик ишмерлердин, жазуучулардын, дипломаттардын, мугалимдердин жана ишкерлердин муундарын тарбиялап өстүргөн улуттук интеллигенциянын интеллектуалдык мекемеси болуп саналат. Дал ушул окуу жайда өлкөнүн өнүгүүсүнө өбөлгө түзгөн идеялар жаралып келген.

Бүгүнкү күндө университетте 30 миңдей студент билим алып, 3 миңдей окутуучулар жамааты эмгектенүүдө. Ал эми жалпыңыздарга маалым болгондой, аймактык Нарын, Талас жана Ысык-Көл университеттеринин КУУнун курамына кириши менен, жалпысынан 45 миңден ашуун студент окуп, окутуучулар жамааты 4,5 миңден ашып калды. Алардын арасында 200дөн ашык илимдин доктору, 570ден ашуун илимдин кандидаты, 4 академик, 6 мүчө-корреспондент, 2 Кыргыз эл баатыры жана 2 дүйнөлүк олимпиаданын чемпиону бар.

Улуттук университет мындан ары да өлкөнүн муктаждыктарына жараша кесипкөй адистерди даярдоодо негизги борбор болуп кала бермекчи”,-деп баса белгиледи.

Ошондой эле форумда “Заманбап дүйнөдө жогорку билимдин орду, Глобалдык чакырыктар менен коркунучтар шартында Кыргызстандын жогорку мектеби” деген теманын алкагында пленардык докладдар окулууда.

Белгилей кетсек, 23-25-октябрь күндөрү Улуттук университет өзүнүн 100 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Ал 1925-жылы 25-октябрда Кыргыз агартуу институту катарында негизделген. 1993-жылы – Кыргыз мамлекеттик улуттук университети, 2002-жылдан тарта — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети болуп өзгөргөн.

Учурда окуу жайда 14 институт, 14 факультет, 4 колледж, 1 гимназия, 4 илим изилдөө борбору жана 14 диссертациялык кеңеш иш алып барат.