Бишкекте Улуттук университеттин 100 жылдыгы белгиленди

Коом Загрузка... 28 Май 2025 21:21
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 28.05.25 /Кабар/. Бүгүн, 28-майда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдык тарыхый мааракесинин алкагында алгачкы салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чара окуу жайдын тарыхына байланышкан театралдашкан программа менен ачылып, белгилүү артисттер жана бийчилер катышкан концерттик номерлер менен коштолду.

Анда куттуктоо сөзүн сүйлөгөн география илимдеринин доктору, профессор окуу жайдын ректору - Догдурбек Чоңтоев бул күндү өлкөнүн жогорку билим берүү системасындагы бир кылымдык тарыхты чагылдырган мамлекеттик маанидеги майрам экендигин белгилеп, “өткөн 100 жылдын аралыгында биздин университет мамлекеттин башкаруу тармагынан баштаган экономика, илим, билим берүү, маданият жана спорт жаатындагы 190 миңден ашуун адистерди даярдады. Алардын дээрлик көпчүлүгү өзгөчө бийиктиктерге жетишүү менен өлкөбүздүн атын алыска таанытып келе жатышат. Тагыраак айтканда университетибиздин беш бүтүрүүчүсү - Кыргыз эл баатыры, үч бүтүрүүчүсү - “Эмгек баатыры”, он бири - Кыргыз улуттук илимдер академиясынын академиги, 41 бүтүрүүчү - Кыргыз эл жазуучусу жана акыны, экөө - Бүткүл дүйнөлүк олимпиада оюндарынын чемпиону, 11 бүтүрүүчү - өлкөнүн ардактуу мугалимдери.

Универститет өлкө эгемендүүлүктү алган соңку 30 жылдын ичинде кыргыз журту үчүн зор кызмат өтөп келе жатат. Замандын талабына ылайык жаңы багыттарды өздөштүрүп, жаңы адистиктерди ачып, эл чарбасынын бардык тармактары боюнча заманбап кадрларды даярдоо жагынан алдыда. Бүгүнкү күндө окуу жайда 30 миңге жакын студент 258 билим берүү жана илим багытындагы программалар боюнча билим алууда. Соңку жылдарда университет өнүгүүнүн жаңы баскычына көтөрүлдү. Дүйнөлүк билим берүү процессине жандуу интеграцияланып, Россия, Кытай, Франция, Германия, Түркия, Кореянын жана башка жакынкы өлкөлөрдүн жогорку окуу жайлары менен тыгыз байланышып, кош дипломдуу адистерди даярдоого жетишти. Окуу жай мамлекет жана журт алдындагы милдетин так аткарууда десем жаңылышпайм”, - деди.

Ректордун айтуусу боюнча октябрь айында ЖОЖдун 100 жылдык юбилейи Т.Сатылганов атындагы филармонияда мамлекеттик деңгээлде белгиленет. Ага чейин мааракенин урматына дагы иш-чаралар уюштурулуп турат.

Маалымат үчүн: Улуттук университет — өлкөнүн илим-билим, маданият жана кадр даярдоо тармагына бир кылымдан бери салым кошуп келе жаткан Кыргызстандын алгачкы жогорку окуу жайы. Ал 1925-жылы 25-октябрда  Кыргыз агартуу институту катарында уюшулган. 1928-жылы Кыргыз борбордук педагогикалык техникум болуп өзгөртүлгөн. 1932-жылы – Кыргыз педагогикалык институту болгон. 1951-жылы – Кыргыз мамлекеттик университети. 1972-жылы – СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университети. 1993-жылы – Кыргыз мамлекеттик улуттук университети. 2002-жылдан тарта — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети.