Бишкек, 21.08.26. /Кабар/. Бишкек шаарындагы “Сейтек” балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук борборунда бүгүн “Доор өзгөрткөн билим: жаратман мугалим — өнүккөн өлкө” аталышындагы улуттук педагогикалык форуму өтөт.
Форумдун алкагында 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн алгачкы жыйынтыктары, жаңы окуу жылына даярдык жана мектептик билим берүүнү өнүктүрүүнүн негизги багыттары талкууланат.
Ошондой эле иш-чаранын алкагында “Сейтек” балдар борборунун алдында кол өнөрчүлөрдүн, окуу борборлорунун эмгектери, изилдөөлөрү жана билим берүү тармагындагы жаңы демилгелер коюлган көргөзмө уюштурулган.
Белгилей кетсек, жыл сайын өтүүчү мугалимдердин улуттук форуму же республикалык август кеңешмеси билим берүү тармагындагы адистердин башын бириктирген маанилүү иш-чара болуп саналат.
Форум өз ишин 22-августта жыйынтыктайт.