Бишкек, 11.09.25. /Кабар/. Улуттук онкология жана гематология борборунун 65 жылдыгына арналган эл аралык илимий-тажрыйбалык конференция Бишкек шаарында өз ишин баштады.
Онкология, гематология, хирургия, химиотерапия, нур терапиясы жана башка багыттар боюнча алдыңкы адистерди бир аянтка бириктирген эл аралык илимий-тажрыйбалык иш-чарага дүйнөнүн 10дон ашуун өлкөсүнөн мыкты адистер жана кесипкөй дарыгерлер келишкен.
Конференциянын негизги максаты – эл аралык тажрыйба жана билим алмашуу аркылуу онкология жана гематология тармагында эң мыкты практикаларды бейтаптарды дарылоого жана кам көрүүгө киргизүү.
Конференциянын программасына ылайык, пленардык жыйындар жана илимий секциялар төмөнкү багыттар боюнча өтүүдө:
- Онкологиялык жана гематологиялык ооруларды аныктоо жана дарылоонун заманбап ыкмалары;
- Балдар онкологиясы жана анын келечеги;
- Дарылоодогу мультидисциплинардык ыкма;
- Таргеттик жана жекелештирилген терапия;
- Нур жана химиотерапиядагы инновациялар;
- Паллиативдик жардам жана бейтаптардын жашоо сапатын жакшыртуу.
Ошондой эле бул багыттар боюнча конференциянын жүрүшүндө Кыргызстандын, жакынкы жана алыскы өлкөлөрдүн белгилүү дарыгерлери менен эксперттери илимий баяндамаларды жасашууда.